Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган ардагерлерине арналган иш-чара

15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту жыл сайын эске алып келебиз. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз Өзгөн районундагы билим берүү уюмдарында эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери болмокчу.

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2024-жылдын 15-февраль күнү Өзгөн районундагы билим берүү уюмдарында эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулуп, аларга акчалай колдоо көрсөттү. Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев  Ооган согушунун ардагерлерин майрамы менен куттукташып, аларга чың ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Ооган согушунун ардагерлерин колдоо, алардын ден-соолуктарын чыңдоо, көңүлдүн борборунда экенине токтолду.

Ооган согушунун ардагерлеринин атынан А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын аскерге чейинки даярдоо мугалими Нурбаев Кеңешалы  Ооган согушунда башынан өткөргөн урунттуу окуяларды  эскерди. Ардагерлер райондук кесиптик бирлик комитетинин көрсөткөн моралдык жана материалдык колдоолору үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чара андан ары улантылып, Ооган согушунун ардагерлерине орнотулган эстеликке гүл чамбарлар коюлду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети