Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Онлайн-тест» жеңүүчүлөр сыйланды

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан  2021-жылдын 10-февралында  билим берүү тармагындагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн  өткөрүлгөн "онлайн-тест" кароо-сынагынынын  Кадамжай району жана кызыл Кыя шаарындагы мыкты жыйынтык көрсөткөн женүүчү төрага, төрайымдары 2021-жылдын 2-мартында тесттин жыйынтыгы боюнча алган баллына жараша  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланды.

Сыйлыктарды тапшырууга кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев жана  Кызыл кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова катышып өнөктөш катары женүүчүлөрдү куттукташты.

 

 

Материалды даярдаган: Уюштуруу, укук иштери боюнча адис К.Акимов.