Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Онлайн тест өткөрүлдү

2023-жылдын 3-апрелинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрага, төрайымдардын ишмердүүлүгүн  жана укуктук билимдерин жогорулатуу максатында “Онлайн тест-2023” кароо-сынагы өткөрүлдү.

Онлайн тестте “Эмгек кодекси”, “Билим берүү мыйзамы”, “Мугалимдин статусу” жөнүндөгү мыйзам, педагогика, психология жана технология темалары камтылган.

Жыйынтыгында 60 жогору упай топтогон катышуучуларга Кадамжай райондук  комитети тарабынан I даражадагы диплом жана “Жалал-Абад” санаториясына 10 күндүк жолдомо берилип, ал эми 50 упай алган катышуучуларга  II, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитетинен жеңүүчү болгон төрага, төрайымдарына сыйлык тапшыруу аземи уюштурулуп, ага Кадамжай райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев, Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошов жана окуу-усулкаананын башчысы А.С.Сарымсаков катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин адиси: У.Халилова