Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Онлайн тест-2024" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кызыл-Кыя шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин Баткен областтык комитети тарабынан уюштурулган "Онлайн тест-2024" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2024-жылдын 15-март күнү болуп өттү.

Билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын жеңүүчүлөрүнө Билим жана илим кызматкерлеринин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, Кадамжай райондук комитетинин төрагасы Момошев А.Ю, областтык комитеттин жардамчысы М.Парпиев диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

Кызыл-Кыя шаарынан сынактын жеңүүчүлөрү болуп: Тагаева Райхан №6 "Алтын балалык"  балдар бакчасы, Ташева Нуркан М.Күрөңкеев атындагы №11 орто мектеби, Шерматова Гулнара №1 "Айданек" балдар бакчасы, Ажиева Чолпонай У.Гулматов атындагы №9 орто мектеби, Карабаева Жумагүл Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2  орто мектеби,  Бектурсунова Орозгүл А.Осмонов атындагы №12  толук эмес орто мектеби, Таштемирова Омсанай Т.Иметов атындагы №7 орто  мектеби, Дүйшеева Гүлзида №8 "Ласточка" балдар бакчасы жана Ярашова Патмахон №5 "Жеткинчек " балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары ээ болушту.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына китеп белек берилди.

№6 "Алтын балалык " балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Тагаева Райхан Жумабаевнага "Жалал-Абад санаториясына" эс алууга жолдомо берилди.

Кызыл-Кыя шаардык кесиптик бирлик комитети жана мүчөлөрү Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөковго жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кызыл-Кыя шаардык комитети