Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Онлайн тест - 2023"

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдарынын укуктук билимдерин жогорулатуу максатында "Онлайн тест - 2023" кароо-сынагы өткөрүлдү. Конкурстун жүрүшүндө "Эмгек кодекси", «Билим берүү мыйзамы» «Мугалимдин статусу» жөнүндөгү мыйзам, педагогика жана IT технология боюнча жалпы 60 суроо камтылып, Google form программасы аркылуу өткөрүлдү. Катышуучуларга тестти иштөөдө жалпы 60 суроого 60 мүнөт убакыт берилип, жыйынтыгында 50 упайдан жогору балл топтогон катышуучуларга Баткен областтык комитетинин 1-2-3-даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктар жер-жерлерде тапшырылды. Баткен районунан жана Баткен шаарынан жеңүүчү болгон БКБУнун төрага, төрайымдарына сыйлык тапшыруу аземи уюштурулуп, ага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, Баткен райондук кесиптик бирлигинин төрагасы А.Заитов жана Баткен шаардык кесиптик бирлигинин төрайымы М.Калыкованын катышуусунда болуп өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык кесиптик бирлиr комитети