Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Онлайн санарип мугалим-Дубай 2023"

Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин арасында Санарип академиясы тарабынан уюшулган "Онлайн санарип мугалим-Дубай 2023"  долбоору жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Аталган сынакка Ат-Башы районунун мугалимдери да катышып байгелүү орундарды камсыз кылышты.

I орунду Ч.Асеков атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Марсбек кызы Айдана ээ болуп Дубайга эс алууга жолдомо утуп алды.

Андан тышкары аталган мектептин дене тарбия мугалими А.Жусубакунов Ташкент шаарына, орус тили сабагынын мугалими Н.Абыкеева Алма-Ата шаарына жолдомолор менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети