Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Онлайн форматтагы класстердик жолугушуу

Баткен  облусунун  Лейлек  районундагы   «Тайлан»   орто  мектебинде  « Билим  үчүн  азык жана балдардын  тамактануусу”  долбоорунун  алкагында сабаттуулукту жакшыртуу компонентинин негизинде окуу бөлүмүнүн башчылары,  усулдук бирикменин жетекчилери,  башталгыч класстын мугалимдери  жана китепканачылар үчүн аралыктан  “Позитивдүү  тарбия – окуучунун жөндөмдүүлүгүн жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатат” деген темада класстердик жолугушуу болуп өттү. Бул  жолугушууга 15 мектептен жалпы 46 катышуучу болуп , алардын ичинен 30 мугалим , 16 китепканачы болду. Аталган мектептин башталгыч  класс мугалими  Зийнатай Жалилова 4 – класстын окуучуларына  адабий окуу сабагынан “ Калк кадырлаган  куудул Куйручук атабыз” ,  2 – класстын класс жетекчиси  , окуу бөлүмүнүн  башчысы  Махават Тойчиева “ Баарынан  ким күчтүү?”  деген темада ачык сабактарды өтүп беришти. Өтүлгөн сабактарга  катышкан мугалимдер тарабынан  жылуу  сөздөр ,  ой пикирлер айтылып кеңири талкууланды . Мугалимдер бири- бири менен пикир алышып , иш тажрыйбаларын  бөлүштү. Андан сырткары коомчулуктун  бардык мүчөсүн окуу практикасына тартуу жана китеп окууга  чакыруу , коомду алдыга жылдыруу максатында мектептин китепканачысы Айзада Музарамова тарабынан  “ Окурман  автобус” аттуу иш чара өткөрүлүп , китепканачылар тарабынан кызуу талкууланды . Мугалимдер жана  китепканачылар позитивдүү тарбия - окуучунун  жөндөмдүүлүгүн  жана өзүнө болгон  ишенимин жогорулата тургандыгына  ынанышып , онлайн  класстердик жолугушуулар  өткөрүлүп  турса , жакшы натыйжа бере тургандыгына  токтолушту.  Онлайн класстердик жолугушууну  Баткен облусу боюнча « Билим  үчүн  азык жана балдардын  тамактануусу”  долбоорунун   сабаттуулукту жакшыртуу компонентинин  адиси Гулзада  Ризаева  долбоордун  иштери жөнүндө кошумча маалыматтарды  берүү менен жыйынтыктады.

Мектеп директору:   Кошматова Мээргүл