Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОН УККАНДАН БИР КӨРГӨН АРТЫК

Быйыл Баткен     райондук кесиптик бирлик уюмунда жаш кесиптик бирлик төрагаларынын райондук кеңеши уюштурулган. Кеңештин уюштуруу жыйынында кеңештин курамы, төрагасы шайланып, 2018-жылда жүргүзүлүүчү иштердин планы бекитилген.

Иш планга ылайык жаш кесиптик бирлик төрагаларынын кеңешинин иш чаралары ай сайын өткөрүлүп келгени менен, оозеки түрүндө өткөрүлгөн семинарлардын таасири анчейин болбой жаткандыгы сезилип, “Он уккандан бир көргөн артык” деген принцип менен жаш кесиптик бирлик лидерлеринин Баткен-Кадамжай – Ош-Баткен  багытында семинар-экскурсиясы сентябрь айында уюштурулду. Семинар-экскурсияны райондук комитеттин эмгекти жана укукту коргоо боюнча кызматкери А.Масалиев жетектеп жүрдү.

Семинар-экскурсиянын катышуучулары алгач Баткен районундагы Токтогул атындагы орто мектепте түзүлгөн мугалимдердин эс алуу бөлмөсүнүн иши менен таанышышты. Мектептин ПК төрайымы П.Атабаева эс алуу бөлмөсүндө жүргүзүлүп жаткан маданий-массалык иш-чаралар жөнүндө баяндап берди. Райондун мектептеринен жана балдар бакчаларынан келген жаш кесиптик бирлик лидерлери мугалимдердин эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берген мектеп жетекчилигине жана кесиптик бирлик уюмунун төрайымы П.Атабаевага ыраазычылыктарын билдиришип, ишти системалуу жүргүзүү боюнча өз ойлорун, сунуштарын айтышты.

Жаш кесиптик бирлик лидерлери андан кийин Кадамжай районунун Жошук айылындагы Мамат Юсупов атындагы орто мектбинин жетекчилигинин жана кесиптик бирлик уюмунун кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иштери менен таанышышты. Жаш кесиптик бирлик лидерлерин Кадамжай РКПсынын төрагасы, мектеп директору, ПК төрайымы  тосуп алышып, мектептеги социалдык өнөктөтүк багытындагы иштер жөнүндө көрсөтүп жана баяндап беришти. Жыйынтыгында социалдык өнөктөштүктү жүргүзүү боюнча ой-пикирлер жана сунуштар айтылып, жамаатка ыраазылык билдирилди.

Ош мамлекеттик университетинде болгон жолугушууда экскурсанттарды ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы А.Аккулов факультеттик ПК төрагалары менен биргеликте тосуп алды.  А.Аккулов ОшМУда мугалимдердин жана студенттердин арасында ректорат менен биргеликте өткөрүлүп жаткан  эмгекти жана укукту коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, уюмдун иш кагаздары менен тааныштырды. Университеттин профилакторийинде болушуп, экскурсанттар кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолуктарын чыңдоо боюнча жасалып жаткан иштерди өз көздөрү менен көрүштү.

А. Аккуловдун айтканына караганда, студенттер профилакторийде 24 күн акысыз дарыланып ден соолугун чыңдашат. Алыстан келген студенттердин ата-энелери үчүн бардык шарты менен 2 комната даярдалган. Ата-энелер суткасына 200 сомдон төлөшөт.

Мындан сырткары экскурсанттар Сулайман тоо музей комплексинде болушуп, музейдин экспонаттары менен таанышышты. Семинар-экскурсиянын  акырында  экскурсанттар  профсоюздук ишти уюштуруу боюнча көп материалдарды үйрөнгөндүгүн билдирип ыраазы болушту.

 

                 Баткен РПКнын  жетектөөчү адиси                                                                                  Б.Абдыразакова