Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү - сыйга татыктуу

Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы гимназия мектебинин чоң залында билим берүү тармагынын салтанаттуу иш чарасы өттү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана райондук кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылып, байгелүү орундарды ээлеген мектеп окуучулары Ардак Грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан тышкары олимпиадага активдүү катышып, көбүрөөк алдынкы орундарды алган мектептердин жетекчилери да урмат-сыйга татыктуу болушту.

Салтанатты райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев жана райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев ачып, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктоо менен бирге алдыдагы дагы бир жооптуу сыноо – областтык олимпиадада да мыкты көрсөткүчтөрдү жаратуу менен өздөрү билим алып жаткан мектептеринин жана райондун намысын татыктуу коргошуна ишеним артышты. Мындан тышкары, областтык олимпиадада жеңген окуучуларга жайында көл жээгинде эс алууга жолдомо берүү жагы каралып жаткандыгы айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Асанова - Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы гимназия мектебинин баштапкы кесип бирлик уюмунун төрайымы