Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуучуларга салттуу формада окуусуна шарттарды түзүү

Жалал-Абад обласуна караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 32-беренесине, «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесине, «Эмгекти коргоо» мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставынын 10-пунктуна ылайык райондун окуучуларын салттуу формада окуусуна шарттарды түзүүнүн абалына коомдук көзөмөл жүргүзүүдө, б.а. билим берүү уюмдарында санитардык-эпидемиологиялык шарттардын аткарылышына көңүл бурулууда, атап айтканда мектептер тепловизор, антисептик, беткаптар ж.б. менен камсыздалышкан, алардын болушуна профсоюз тарабынан коомдук көзөмөл күчөтүлгөн.

 

Маалыматты даярдаган, ББ жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун кызматкери М.Примкулов.