Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуучулар жана мугалимдер сыйланды

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын Республикалык турунда байгелүү орундарды камсыз кылган Баткен областынын окуучулары жана мугалимдери  Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев тарабынан сыйлоо иш чарасы өткөрүлүп, окуучуларга уюлдук телефон ал эми мугалимдер жамаатына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Аталган иш-чарага Баткен областтык усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Байгелүү орундарды камсыз кылган окуучуларга жана мугалимдерине Баткен областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр  Ысык-Көл” санаториясына 10 күндүк жолдомолор тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен областык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур