Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу-семинар

Окуу-семинарлар 2023–жылдын 7,9,14-сентябрь күндөрү Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү №77 Хамза атындагы орто мектебинде, Нариман айыл өкмөтүндөгү №39 А.Султанов атындагы орто мектебинде, Жоош айыл өкмөтүндөгү № 42 Маданият орто мектебинде баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусу менен окуу-семинарлар болуп өттү.

Окуу-семинарлардын ишине Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин адистери Аттокуров Мамбет, Ажиматов Эшболот катышышты.

Окуу-семинарларда 2023-жылдын 2-жарым жылдыкта билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Суу райондук комитетинин иштери жөнүндө кесиптик бирликтин төрайымы Исраилова Нуржан маалымат берди. Жаңы чыккан «Билим мыйзамы жөнүндө» кеңири токтоло кетти.

2023-2026-жылдарга үч тараптуу макулдашууну узартууну, кесиптик бирлик мүчөлүгүнө жаңыдан кирген бала бакчаларда кантип макулдашуу түзүүнүн тартибин айта кетти.

Окуу-семинардын аягында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо  боюнча Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрайымы жана областтык комитеттин  эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инспектору иш планды түзүү, буйруктардын жазылышы, эки тараптуу келишимдердин түзүлүшү, эмгекти коргоонун укуктук негиздери, киришме журналдарды жүргүзүү нускамалардын (инструкциялардын) аткарылышы жөнүндө практикалык жардамдар  берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети