Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу-семинар өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин Каракол шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан окуу-семинар уюштурулду. Семинар Каракол шаарындагы №1 мектептин базасында өттү.

Иш чарага Билим жана илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Молдокматов  Ө.К. жана мектеп, мектептен  тышкары  жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин Каракол шаардык бирлик комитетинин төрайымы Г.Акмолдоева 2024-жылдагы аткарыла турган иштерге кыскача токтолду.

Андан соң төрага семинардын негизги  темасы болгон  “Жамааттык келишим “ түзүүнүн жалпы жоболоруна кеңири токтолду. Ал өз сөзүндө мекемедеги  эмгектик мамилелерди жөнгө салууда, кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы  маанилүү келишим экенин  баса белгиледи. Бир күндүк окуу- семинар  жогорку уюшкандыкта өттү. Кесиптик бирликтин төрагаларынын ишине керектүү кеңсе буюмдары   берилди.

Катышуучулар уюштуруучуларга  ыраазычылык билдиришти жана ушундай семинарлардын бат-бат  уюшулуп турушу зарыл экенин билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Каракол шаардык кесиптик бирлик комитети