Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу-семинар өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тейлөөдөгү райшаарлардын борбордоштурулган эсепканаларынын эсепчилерин, экономисттерин катыштырып 2023-жылдын 11-ноябрында ОшМУнун кичи залында «Билим берүү системасынын педагогикалык жөнүндө айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акыны төлөөнүн шарттары» жөнүндө окуу-семинар өткөрдү.

Окуу-семинарга эсепчилер, экономисттер, эмгекти коргоо боюнча инспекторлор, кесиптик бирликтин райшаардык комитеттеринин төрага, төрайымдары катышышты.

Бул иш-чараны областтык комитеттин төрагасы С.Тойгонбаев кириш сөз сүйлөө менен ачты.

Семинарда төмөнкү маселелер каралды:

- Кызматкерлердин эмгек акыларын эсептөөдө, тарификацияны туура түзүү жөнүндө;

- кызматкерлердин эмгек акысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы 30-мартындагы №181 токтомуна ылайык мугалимдин  ставкасына  эселөө  коэффциентин, билимине жараша туура эсептөө;

- мугалимдерге дептер текшерүүдө кошумча акыны эсептөө;

- алмашуу жолу менен өтүлгөн сааттарга төлөмдөрдү эсептөө;

- тоолу аймакта жана жетүүгө кыйын шарттарда иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөрдүн туура эсептелинип төлөнүшүү жөнүндө;

- убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча жөлөк пулдардын төлөнүшү жөнүндө.

Иш-чарада ар бир тема боюнча даярданган адистерге суроолор берилип, жаңдуу талкуу жүрүп, тажрыйба алмашуу ирээтинде өткөрүлдү. Окуу-семинарга Ноокат райБББнын эсепканасынын башкы экономисти А.Айдарова, Өзгөн райБББнын эсепчиси Н.Сулайманова, Кара-Суу райБББнын экономисти Ы.Калбаев, Кара-Кулжа райБББнын экономисти Б.Сооронбеков, Чоң-Алай райБББнын эсепчиси Г.Кутбидин кызы, Алай райБББнын башкы эсепчиси Т.Анарбаев, Өзгөн ШБББнын эепчиси К.Мамыковалар активдүү катышып окуу-семинардын пайдалуу жана жигердүү өтүшүнө зор салымдарын кошуп, билим деңгээлдеринин жогору жана тажрыйбалуу экендиктерин көрсөтө алышты. Иш-чаранын пайдалуу өткөндүгүн катышуучулар ынануу менен кабылдашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областык комитети