Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окутуучулар арасындагы спартакиада

Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган факультеттер жана түзүмдүк бөлүмдөр, профессордук-окутуучулар жамааттары арасында кышкы спартакиада өткөрүлдү. Спартакиада окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өттү. Анын жүрүшүндө волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештер жүрүп, окуу жайдын бардык факультеттеринин жана институт, колледжинин 10 командасы катышты.

Эки жумага созулган кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУ кесиптик бирлик комитети