Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окутуу семинары өткөрүлдү

2023-жылдын 8-декабрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан “Билим берүү мекемелеринде убактылуу жумушка жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды төлөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө” билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, профкомдорго, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы борборлоштурулган эсепкананын эсепчилерине окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарда КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтому менен бекитилген “Билим берүү мекемелеринде убактылуу жумушка жарамсыздык,кош бойлуулук  жана төрөт боюнча  жөлөк пулдарды төлөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө ЖОБОГО” ылайык жөлөк пулдарды төлөө тартиби  түшүндүрүлдү.

Семинарга Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси Мамадеминов Авазбек катышып, тема боюнча маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Баткен райБББнын эсепчиси Бердибаева Айсулуу эмгекке  жарамсыздык боюнча жөлөк пулдарды төлөөнүн жол-жоболорун түшүндүрдү. Райондук комитеттин адиси Масалиев. А эмгекке жарамсыздык баракчаларын туура толтурууда иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилине токтолду. Семинарды райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов жыйынтыктап, катышуучулардын иштерине  ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети