Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окурман бала

2-4-класстын окуучуларынын китеп окууга жетишүүсүн камсыз кылуу жана китеп окуу көндүмдөрүн калыптандыруу, сөз байлыгын өстүрүү, китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, сүйлөө маданиятын калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында Кочкор районундагы   С.Исмаилов атындагы орто мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ карата USAIDдин «Келгиле,  окуйбуз!» долбоорунун жана «1000 китеп» программасынын алкагында 2-4-класстардын окуучуларынын арасында «Окурман бала» конкурсун  ѳткѳрүштү.

         Конкурстун шартына жараша  ар бир катышуучу  көркөм окуу,  окуган чыгармаларынан элестөө боюнча сүрөт  тартуу, чыгарманын атын табуу, жомоктордогу каармандарды  ролдоштуруп аткаруу,  макал-лакаптарды чечмелөө, колго жасалган китептердин конкурсу ѳткѳрүлүп, китептин сапаты, мазмуну, эстетикалык талаптары эске алынды.  Мындан тышкары «1000 китеп»  программасы боюнча эң  мыкты толтурулган дептерлердин жыйынтыгы чыгарылды. 

Жыйынтыгында   3-класстын окуучусу Кундузбек кызы Акбермет мыкты кѳркѳм окугандыгы үчүн  «Көркөм окуу чебери», 2-класстын окуучусу Сатаркулова Альбина эң мыкты китеп жасагандыгы үчүн   «Чыгармачыл  окуучу» ,   4-класстын окуучусу Тумарбек кызы Нурпери макал-лакаптарды айтуу, чечмелѳѳ боюнча  « Акылдуу окуучу », 4-класстын окуучусу Жыргалбеков Бекназар мыкты роль жараткандыгы үчүн  «Мыкты образ», 4-класстын окуучусу Карыбекова Акбермет  окуган чыгармаларынан элестөө боюнча эң мыкты сүрөт  тартуу боюнча  «Чебер окуучу», 4-класстын окуучусу Алыбекова Асема  «1000 китеп» программасынын алкагында эң кѳп китеп окугандыгы жана аны дептерге жазып, толтургандыгы   үчүн «Мыкты дептер ээси», 2-класстын окуучусу Сейитбеков Ынтымак  чыгармалардын атын табуу жана негизги каармандарын так айтуу боюнча  «Окурман бала»  номинацияларга ээ болушту жана мектептин  Мактоо баракчалары менен сыйланышты.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы,

«Келгиле,  окуйбуз!» долбоору боюнча улуттук тренер