Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОКУМУШТУУЛАРДАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору  Турусбек Маразыков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге жана окутуучуларга кыргыз тилинин стилистикасы жана кеп маданияты темалары боюнча лекция окуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталаган конок лекция бир жумага пландалып, 2-декабрдан тарта окуу жайдын бардык факультеттеринин 1-2-курсунун студенттерине өтүлүүдө. Иш чара жалпы студенттердин билим сапатын жогорулатуу, кеп маданиятын өстүрүү максатында  Кыргыз-Россия факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы  тарабынан демилгеленген.

Белгилей кетсек бул сыяктуу конок лекциялар окуу жайдын факультеттеринде ар бир адистик боюнча өткөрүлүп келет.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу