Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин студенттери практикаларын ийгиликтүү өтөшүүдө

    Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Социалдык иш адистигинде окуп жатышкан бүтүрүүчү курстун студенттери Март айынын аягында Мамлекеттик практикаларын ийгиликт аякташып, практиканын жыйынтыгын  атайын конференцияда талкуулап коргошту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Жылкычы уулу Кубаныч билдирет.

     Конференцияга Гуманитардык факультетинин деканы баштаган бир топ окутуучулар жамааты, практика жетекчилери жана студенттер катышып, социалдык тармактагы айрым маселелер, практиканын актуалдуулугу жана бүтүп жаткан кесип ээлеринин эртеңки иш алып баруулары жаатында кенен талкуу болду. Ошондой эле учурда башка адистиктин студенттери да мектептерде практикаларын өтөшүп, буга чейин алган теориялык билимдерин практика жүзүндө ишке ашыруу менен окуучулар менен иштешүүнүн жана окутуунун методикаларын үйрөнүшүүдө.