Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин ректорунун байгесине арналган мелдеш

Ош гуманитардык-педагогикалык иниститутунун  90 жылдык маарекесине карата, өлкөбүздүн түштүк аймагындагы ЖОЖдордун агайлары ортосунда, спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Аталган мелдеш ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуевдин байгесине арналып, окуу жайлар ортосундагы байланышты спорт жаатында да бекемдөө максатында уюштурулду. Мелдешке ЖаМу, БатМу, ОшМу, ОшТу, ОшМЮИ жана ОГПИнин  командалары катышып, жыйынтыгында ОшТу 1-орун, ОшМу 2-орун ал эми ОГПИ 3-орунду ээлешип, женүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.