Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин МЫРЗАСЫ тандалды

Бүгүн Ош улуттук драма театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда  "ОГПИнин МЫРЗАСЫ - 2019" аттуу жигиттердин кароо сынагы болуп өттү.

Иш чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жигиттердин мырзалык сапаттарын, жаштардын коомдогу ордун жакшыртып, улуттук каада-салттарыбызды жана маданиятыбызды өз денгээлинде калптандыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Конкурсанттар сынактын жобосунда белгиленгендей “Саламдашуу”, “Интеллектуал мырза”, “Күч сынашуу” жана “Таланттуу мырза” деп аталган төрт тапшырма боюнча таймашышып, сахнада өз чеберчиликтерин жалпы көрүүчүлөргө тартуулашты.

Сынакка жалпысынан жети мырза катышып, жыйынтыгында  3-орунду  Гуманитардык факультетинин студенти Кубанычбек уулу Чыңгыз, 2-орунду Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Абубакиров Мухаммад ээлесе, башкы 1-орунду Музыкалык-педагогикалык  факультетинин студенти Аппазов Аалым багынтып, “ОГПИ мырзасы – 2019” наамынын ээси аталды. Ошону менен бирге жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкан мырзаларга окуу жай тарабынан атайын диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу