Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде окутуунун жаңы механизми тууралуу семинар болуп жатат

    Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыздоо тутумдары жана механизмдери” деген аталышта профессордук-окутуучулар үчүн семинар болуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Жылкычы уулу Кубаныч билдирет.

    Аталган семинардын катышуучулары  5 күндүк программанын негизинде окутулуп,  уюштуруу тобу  тарабынан атайын сертификат менен сыйланышмакчы.

    Иш- чара институттун “Окуу бөлүмү” жана “Мугалимдердин билимин жогорулатуу” бөлүмдөрү тарабынан уюштурулуп, Бишкектен чакырылган атайын адис, “GIZ” программасынын мультипликатору  Р.Г.Дүйшебаева өтүп жатат.