Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде окутуучу-профессорлор ортосунда кышкы спартакиада башталды

      16-январь Ош гуманитардык-педагогикалык институтуунда агай-эжекелер ортосунда факультеттер аралык спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Жылкычы уулу Кубаныч билдирет.

       Мында факультеттер спорттун беш түрү (Волейбол, баскетбол, стол теннис, шахмат жана тогуз коргоол) боюнча таймашышып, жалпы жыйынтыктын негизинде жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

        Аталган иш-чара жыл сайын окуу жайда салтка айланып, спорт менен дос болуп, сергек жашоого  үндөө максатында Дене тарбия факультети жана ректорат тарабынан уюштурулуп келет.