Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде билим ордо оюну болду

     16-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык  институтунда “Мыкты адис” аттуу студенттер ортосунда интелектуалдык оюн болуп өттү. Аталган оюн Табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, химия, биология, экология жана география адистигинин студенттери катышышты.

     Оюнга жалпысынан беш команда катышып, үч турдун негизинде, кесиптик, жалпы жана логикалык суроолорго жооп берүү аркылуу билимдерин сынашышты. Жыйынтыгында комициянын чечими  менен жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер тапшырылды.