Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде адам сатуу көйгөйү көтөрүлдү

    18-октябрь күнү Ош гуманитардык педагогикалык институтунда “Адам сатуу бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселе”  аттуу тегерек стол болуп өттү.

     Тегерек столду институттун ректору п.и.к., доцент Б.Б.Зулуев ачып берип, бүгүнкү көтөрүлүп жаткан тема дүйнөлүк аренадагы учурдун актуалдуу маселеси экенин белгилеп өттү. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер, теманын алкагында баяндамаларын жакташып, адам сатуу, кулчулук маселелери жаатында кеңири маалымат берип өтүштү.

      Иш чара Гуманитардык факультетинин  “Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Илимий иштер боюнча проректор жана Оштогу Эл аралык Коргоого көмөктөшүү борбору тарабынан колдоого алынды.