Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде «Адабият» жумалыгы өтүп жатат

     Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда  Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз-Россия факультетинин студенттеринин уюштуруусу астында Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармаларынын алкагында адабий-музыкалык кече болуп өттү. Мында студенттерге алдын ала жарыяланган, аталган залкарлардын чыгармаларына арналган  ыр, дилбаян жазуу жана сүрөт тартуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу жана жетекчилик тарабынан дипломдор, китептер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Эскерте кетсек  институттун бардык факультеттеринде байма-бай иш чаралар, ачык тарбиялык сааттар уюштурулуп,  Улуттук адабият күнү жогорку деңгээлде белгиленип жатат.