Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде “Жаратман” чыгармачылык борборунун тренинг-сабагы старт алды

 22-сентябрь Ош шаардык кеңешинин депутаты, КМЮАнын бүтүрүүчүсү, КЭРдин Жилинский университетинин магистры жана РФнын Ислам академиясынын докторанты, жеке ишкер Абдисаит Каримбеков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында түзүлгөн “Жаратман” чыгармачылык борборунун жаштары менен жолугушту.

Жолугушуу аталган борбордун ар ишемби күнү болуучу “Адамдыкка сапар” аттуу тренингинин алкагында уюштурулуп, анда А.Каримбеков жаштарга туура максат коюунун жөнөкөй жолдору, убакытты туура пайдалануу, ошондой эле идеялдуу адам болуунун формуласы жана адам болуп калыптануу тууралуу темалар боюнча тренинг өттү. Мындан тышкары коногубуз өзүнүн ишкердик чөйрөсүндөгү жетишкен ийгиликтери туурасында ой бөлүшүп, тренингдин катышуучуларына мыкты кеңештерин берип өттү. Ошондой эле жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар өздөрүнүн кызыккан бир топ суроолоруна жооп ала алышты.