Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде ректордун кубогуна арналып тогуз коргоол боюнча мелдеш болду

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуу жайдын ректорунун байгесина арналып, спорттун тогуз коргоол түрү боюнча мелдеш болуп өттү.

Аталган мелдешке Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана райондордогу, шаардагы мектеп окуучулары катышып, алар кыргыздын улуттук акыл оюнуну  аталган тогуз коргоол мелдешинин аянтына жыйналышты. Мелдеш салтанаттуу түрдө окуу жайдын жетекчилигинин катышуусунда ачылып, анда институттун ректору, профессор Б.Б.Зулуев мелдешке келген жалпы конокторго, уюштуруу тобунун атынан ыраазычылык билдирүү менен оюнчуларга ийгилик каалап өттү. Ректор өз сөзүндө, аталган ректордун байгесине арналган мелдеш, окуу жайда алгач ирет уюштурулуп жатканын белгилеп, улуттук оюндарыбызды даңазалоо максатында мындан ары салтка айланып жогорку деңгээлде уюштурулаарын жана спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Мелдеште тапталып келген мыкты спортчулардын кызуу таймашы ОГПИнин Дене тарбия факультетинин окутуучуларынын жана сырттан келген машыктыруучулардын көзөмөлүндө аныкталган жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга ректордун атайын белектери жана дипломдор ыйгарылды.

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу