Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде мугалимдердин күнү белгиленди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанат болуп өттү.

Иш чара окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев профессордук-окутуучулук жамаатты октябрь айынын алгачкы жумасында белгиленүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап, өз жумушунда алгылыктуу эмгектенип жаткан окутуучуларга инститтун сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле иш чаранын алкагында өлкөбүздүн билим берүү тармагына мыкты салым кошуп келе жаткан жана райондордун мектеп мугалимдерине усулдук жактан көмөк көрсөтүп жаткан окутуучулар министрликтин, Жогорку Кеңештин, обл.админстрациянын жана мэриянан сыйлыктары менен сыйланышты.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү атайын кесип ээлери үчүн даярдалган концерттик программа менен коштолуп, анда ырчы агай-эжейлер, таланттуу студенттер тарабынан майрамдык маанай тартууланды.