Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

23-сентябрь  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыз тилинин “Мамлекеттик тил” макамын алгандыгынын 30 жылдыгына арналган, "Эл дөөлөтү – эне тил" деген аталыштагы чоң майрамдык салтанат болуп өттү.

Иш чара мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайда жарыяланган атайын бир айлыктын алкагында, Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Майрамдык кече салтанаттуу түрдө  окуу жайдын чоң актылар залында улантылып, алгач жалпы катышуучулар менен биргеликте мамлекеттик тил гимни аткарылды.  Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө  уюштуруу тобу тарабынан даярдалган маданий бөлүк тартууланып, анда эне тилди даңазалаган, мекенчилдикке, тилибизди сактоого үндөгөн чыгармалардан көркөм окулуп,  обондуу ырлардан аткарып, тилибиздин кылымдан бери келе жаткан касиеттүүлүгүн дагы бир ирет далилдешти. Мындан тышкары таланттуу студенттер тарабынан тилибизди даңазалоого багытталган автордук чыгармалар да элдин назарына тартууланды.

Эскерте кетсек, аталган иш чаранын алкагында атайын ар бир факультеттерде, бөлүмдөрдө  Мамлекеттик тил күнүнө карата массалык иш чаралар, акциялар, көргөзмөлөр, тарбиялык ачык сааттар жана дубал гезиттердин сынактары уюштурулууда, жалпы бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты катышуучулар үчүн атайын окуу жай тарабынан сыйлыктар берилмекчи.

Кыргызга кыргыз тилдин кереги не,

Кызматта жарабаса керегиңе.

 

Колдоого эмес, колдонууга муктаж болгон кыргыз тили

Кан тамган кылычты, бал тамган тилдин күчү жениптир, ошондой улуу тил-кыргыз тили

Кылымдын жолун баскан тил, кырааты менен сүйлөсө, кытайга да жаккан тил

 

                                   - Таптаза, суудай тунук неге дилиң?

                                   - Тамырда соккон үчүн эне-тилим!

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу