Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

21-сентябрь  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыз тилинин “Мамлекеттик тил” макамын алгандыгынын 29 жылдыгына арналып, "Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет, тилимди мен туу тутуп өткүм келет" деген аталышта чоң программадагы майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Иш чара мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайда жарыяланган он күндүктүн алкагында, Колледждин «Башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил» кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Майрамдык кеченин биринчи бөлүгү кыргыздын улуттук көрүнүштөрү менен башталып, институттун борбордук аянтында колледждин ар бир кафедрасы өз алдынча кыргыздын каада- салтын көрсөтүп, элдик оюндарын ойнотуп, элдик ырларын студенттер менен бирге аткарышты.

Андан соң иш чаранын салтанаттуу бөлүгү  окуу жайдын чоң актылар залында уланып, алгач жалпы катышуучулар менен биргеликте мамлекеттик тил гимни аткарылды.

Кеченин расмий бөлүгүндө окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы С.А.Аманова куттуктоо сөзгө чыгышып, жалпы жамаатты жана студенттерди, улутубуздун жүзү болгон Мамлекеттик тилдин кабыл алынган күнү  менен кызуу куттуктап өтүштү.

Иш чаранын жүрүшундө салтанатка келген коноктор, окутуучулар жана студенттер колледждин аталган кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган адабий-музыкалык кечеге күбө болушту. Анда  уюштуруу тобу эне тилди даңазалаган, мекенчилдикке, тилибизди сактоого үндөгөн чыгармаларды көркөм окушуп, обондуу ырларды аткарышты. Мындан тышкары таланттуу студенттер тарабынан да тилибизди даңазалоого багытталган чыгармачылык кечеси тартууланды.

Эскерте кетсек мындан тышкары да факультеттерде, бөлүмдөрдө  Мамлекеттик тил күнүнө карата массалык иш чаралар, акциялар, көргөзмөлөр, тарбиялык ачык сааттар жана дубал гезиттердин сынактары уюштурулууда.