Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде кыз-жигит сармердени өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана мамлекттик тилдин күнүнө карата жарыяланган үч айлыктын алкагында студенттердин кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.

Иш чара институттун гуманитардык факультети тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттердин катышуусунда жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу кече тартууланды. Сармердендин жүрүшүндө саламдашуу, табышмак, жаңылмач, макал, акыйнек айтышуу, ырдоо, бийлөө сыяктуу  улуттун каада салтын камтыган, ошону менен бирге кыз-жигиттердин бири-бирине болгон тамашакөй мамилени чагылдырган программалар коюлду.

Кыз-жигиттердин ар бир аткарган номерлери  калыстар тарабынан бааланып, жыйынтыгында эки тарапка бирдей баа берүү менен өзгөчө талант ээлерине жана активдүү катышкан студенттерге уюштуруу тобу тарабынан дипломдор ыйгарылды.

 

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу