Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде БИЛИМ майрамы белгиленди

2-сентябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 31-август өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө жана 1-сентябрь билим кунүнө  карата  майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталган иш чара  жаңыдан билим уясынын босогосун аттаган абитуриенттердин, студенттердин, ата-энелердин жана жалпы окуу жай жетекчилигинин катышуусунда башталды. Алгач,  окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев сөз сүйлөп, иш чаранын катышуучуларын билим күнү менен куттуктап, мындан аркы окууларына жана иштерине ийгилик каалоо менен биргеликте, мамлекеттин келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин баса белгилеп, мындан сырткары студенттик мезгилдин убактысын туура пайдаланануу менен алдыга кадам таштоого чакырып өттү.

Андан соң иш чара  институттун чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган  майрамдык концерт менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.

Салтанаттын соңунда  1-курстун студенттерине окуу жайды тааныштыруу жана факультеттерге, тайпаларга бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү.  

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу