Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде бала-бакча жана мектеп мугалимдери үчүн семинар болуп жатат

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан, аймактардагы  мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, тарбиячылары  жана мектептердеги башталгыч класстардын мугалимдери  үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу максатында семинар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Семинардын журүшүндө тиешелүү адистер тарабынан  катышуучулардын кесиптик багыттарына жараша окутуунун, тарбиялоонун түрдүү  усулдарын колдонуу ыкмалары жана психологиялык тараптан да билим алышып, жыйынтыгында окуу жайдын  квалификациялык сертификатына ээ болушмакчы.

Аталган курска Ош шаарындагы жана Баткен облусундагы айрым мектептердин, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин тарбиячылары жана башталгыч класстардын мугалимдери катышып, аларга Бишкек шаарындагы И. Арабаев университетинен, Ош мамлекеттик университетинен жана ОГПИден тиешелүү адистиктер боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары сабак өтүшүүдө.

Эскерте кетсек институттун алдында түзүлгөн  “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан мектептерде жана бала-бакчаларда  кесиптик чеберчиликти жана заманбап сабактардын үлгүлөрүн жаңы технологиялардын жардамы менен көрсөтүүнү жогорулатуу максатында усулдук жардам катары үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, жер-жерлерде да семинарлар уюштурулуп келет.

 

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу