Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук жетекчи билим берүү кызматкерлерин жаңы- 2018-жыл менен куттуктады

    2017-жылдын 29-декабрь күнү Ноокен райондук билим берүү тармагынын жаңы-жылдык  кечеси өткөрүлдү.  Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн Б. С. Козуев жетектеген жамааты, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин К. К. Нышанов жетектеген  кызматкерлери жана  96 билим берүү мекемелеринин  жетекчилери катышышты.                     

    Ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. У. Сатыбалдиев, Ноокен райондук администрациясынын башчысы Э. С. Маматаев келип катышышып, өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышып, 20 000 сом акчалай белегин тапшырышты. Майрам оюн-зоок, концерттик программалар  менен коштолду.   

  2017-жылда Ноокен  районунун билим  берүү  тармагы облуста 2016-2017-окуу  жылынын жыйнтыктары менен 1-орунду ээледи.Райондогу  №26 “Ак-Шоола”  бакчасынын  профсоюздук  уюму республикалык кароо-сынакта 1-орунга  татыктуу  болушту. Ийгиликтер кут болсун , Ноокендик  кесиптештер!

Жаңы -2018-жыл  бийик максаттар  ишке  ашкан жылдардан болсун! 

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун инспектору-А.Айдаров.