Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук семинар өткөрүлдү

       2016-жылдын 21-апрель күнү Таш-Көмүр шаарындагы Шамалдуу-Сай шаарчасынын «Үмүт», «Теремок» балдар бакчаларынын, №8 Фрунзе, №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектептердин базасында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкому тарабынан уюштурулган облустук семинар  өткөрүлдү.

    Облустук семинарга профсоюздун райондук жана шаардык комитеттеринин, обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдардын жетекчилери. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектеп директорлору, баштапкы уюмдардын жетекчилери чакырылды.

   Облустук семинар «Билим берүү уюмдарында эмгекти корго жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоодо жетекчилер менен профкомдордун биргелешкен иш-аракеттери» деген темада өткөрүлүп, катышуучулар аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышышты.

    Семинардын катышуучулары балдар бакчалары, мектептердин тематика боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен таанышкандан кийин «Үмүт» балдар бакчасында (директору С.Мураталиева), «Теремок» балдар бакчасында (директору А.Нусупбекова), №8 Фрунзе атындагы орто мектеп (директору С.Нуралиева), №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектеп (директордун орун басары Ш.Бегбаева) билим берүү уюмдарынын жамааттары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеӊири баяндама беришти.

     Таш-Көмүр шаарындагы жүргүзүлүп жаткан арымдуу иштер жөнүндө профсоюздун Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраилов, профсоюздун Базар-Коргон райкомунун төрагасы Б.Калимбетов, профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрайымы З.Тургунбаева, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаилов, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Г.Эргешова, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдор сөз сүйлөштү.

      Семинардын жыйынтыгын обкомдун төрагасы К.Мурзакматов чыгарып, күн тартибиндеги иштер боюнча кеӊири оюн билдирди.

     Семинардын жыйынтыгында Таш-Көмүр шаарынын мугалимдери жана баштапкы профсоюз уюмунун алдыӊкы жетекчилери обкомдун «Ардак грамоталары» менен сыйланды.

     Ушул эле күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун облустук  комитетинин кезектеги көчмө президиуму Шамалдуу-Сай шаарчасында өткөрүлдү.

      Президиумдун кщн тартибинде 6 маселе каралып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

      Президиумдугн катышуучулары БКнын президиумунда (01.04.2016-ж) каралган маселелер  анда кабыл алынган токтомдор менен тааныштырылды.

      Президиумдун ишине маселеге тиешеси бар  мектеп директорлору катыштырылды.

      Жыйында Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабданов  сөз сүйлөп, шаарком менен бирдикте жүргүзүлүп жаткан иштерге басым жасады. Президиумдун ишин К.Мурзакматов алып барды жана жыйынтыктады.