Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук жетекчилер балдарды куттукташты

     «1-июнь-Балдарды Коргоо күнү» майрамына  карата   КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн жетектоочү адиси А.Р.Камбаров жетектеген  Жалал-Абад облустук  ишкана, мекемелеринин  жетекчилери,  Ноокен районунун  акими Э.С.Маматаев, Ноокен райБББнун башчысы  Б.С.Козуев , Жалал-Абад  обкомунун инспектору  А. Айдаров , райондук  жетекчилер, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ишкерлер, коомчулуктун өкүлдөрү   Ж.Ниязов  атындагы республикалык  жатак  көмөкчү мектебинде болушуп, балдарды  майрамдык иш-чараларына   2018жылдын 1-июну күнү катышышты.

    Меймандар мектепте Дания мамлекетинин 2-долбоору  менен  курулган күнөөскана, 3- долбоору  менен курулуп  жаткан окуу эмгек устаканасы,  кичи  футбол  аятчасы  менен таанышышты.

     Иш-чарада жерге сүрөт тартуу, спорттук мелдештер мектеп  тарабынан уюштурулуп,  майрамдык  маанай түзүлгөн.     

Меймандарга балдар  тарабынан даярдалган  майрамдык чакан  концерт тартууланды. Жетекчилер  жана  меймандар балдарды майрам менен  куттукташып,  белектерин  тапшырышты.

        Мектептин директору Э.Абдырахманов меймандарга  ыраазычылыктарын  билдирип,  иштерине  ийгиликтерди  каалады.

Материалды  дардаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.