Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук Макулдашуунун аткарылышы көзөмөлгө алынды

2018-жылдын 20-майында Облустук Макулдашуунун “Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруунун  чаралары” бөлүгүн ишке ашыруудагы кезектеги  милдеттер боюнча КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ырысбек Темирбекович жетекчилик кылган штабдын чогулушу болуп өттү.

Чогулушка штабдын мүчөлөрү, Профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы З. Жусмаматов, орун басары Б.Исмаилова, Айыл-чарба кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун төрагасы        Р. Абдираимов,  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун төрагасы А.Исмаилов, облустук ишкана мекемелердин жетекчилери , балдардын эс алуу борборлорунун директорлору катышышты.

Кенешмеде ”Облуста балдардын жайкы эс алуусунун уюштуруунун чаралары” жөнүндө профсоюздардын облустук кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Исмаилова кычкача маалымыт берди. Маалыматтарды обкомдордун төрагалары Р.Абдираимов, А.Исмаиловтор толуктап билдирүү жасашты. Штабдын мүчөлөрү тарабынан маалыматтар такталып, сунушутар, пикирлер билдирилди.

Борборлордун директорлорунан даярдыктын абалы жана проблемалар суралып, тийиштүү облустук мекемелердин жетекчилерине, райондук , шаардык жергиликтүү бийликтин башчыларына  конкретүү милдеттер тапшырылды.

Профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы З. Жусмаматов  балдардын эс алуусун чараларын биргеликте уюшкандыкта өткөрүүгө чакырып, өнөктөштөргө ийгиликтер каалады.

Материалды даярдаган: А.Айдаров -Обкомдун инспектору.