Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облуста билим берүү тармагынын көйгөйлөрү талкууланды

2019-жылдын  26-июнунда билим  берүүнүн Жалал-Абад облустук  усулдук  борборунун  жыйындар  залында  кеңешме  өткөрулүп,    билим  берүүнүн  көйгөйлөрү талкууланды. Кеңешмеге борбордун  жооптуу  кызматкерлери,  билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун облустук  комитетинин төрагасы   А.Исмаилов, райшаардык  билим  берүү  бөлүмдөрүнүн  башчылары  катышты.

Жыйынды облустук  билим  берүүнүн  усулдук  борборунун директорунун  орун  басары   Т.Турганбаев  алып  барып, 2018-2019 окуу  жылындагы  ийгиликтерге  жана алдындагы милдеттерге токтолду. Кун  тартибиндеги  маселелер боюнча райшаарлардын билим  берүү бөлүмдөрүнүн  башчылары  чыгып  сүйлөшүп,  сунуш,  пикирлерин  билдиришти. Обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов  өз  сөзүндө  билим  берүү  кызматкерлеринин  көйгөйлүү  маселелерин биргелешип  чечүү жөнүндөгү   ой-пикирлерин  билдирди. Кенешме  күн  тартибиндеги  маселелер боюнча   чечимдер  кабыл  алды.

 

Материалды даярдаган:

 Обкомдун  инспектору

А.Айдаров