Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облус жетекчиси У.Жылкыбаев ОГПИде иш сапары менен болду

2018 жылдын 30 – ноябрында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп, анда институттун окуу имараттары менен таанышып чыгып, студенттер менен жолугушту.

Мында облус жетекчиси окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу кааналар, предметтик лабораториялар, борборлор, китепканалар, электрондук окуу процессинин журүшү жана ОГПИнин тарых музейи менен жакындан таанышып чыгып, андан соң окуу жайдын чоң залында студенттер менен жолугушту. Жолугушууда У.Жылкыбаев алгач облустун иш аракеттери, экономикалык абалы, алдыдагы пландар боюнча маалымат берип, аймактардан келип билим алып жатышкан студенттерден сунуш, пикирлерди угуу менен алардын суроолоруна жооп берүү максатында келип отурганын белгилеп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө максатка ылайык студенттер тарабынан бир нече сунуш, пикирлер, суроолор берилип, ага өкмөт өкүлү өз ой-пикирин ачык билдирүү менен суроолорго жооп берип өттү.

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу