Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык профсоюз комитетинде жыл жыйынтыгы

    Билим, илим кызматкерлеринин  Ош областтык  профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгына  арналган  салтанатына  Алай  районунан 8 профсоюз мүчөлөрү  катышып  келишти.

    Жыл жыйынтыгы  2018-жылдын 19-январында Ош шаарында  өткөрүлдү.

    Жыл жыйынтыгында  Кадырмамат  уулу Абдыразак атындагы  лицей – интернатынын  профсоюз уюумунун төрайымы Токтобү Матанова областтык «Мыкты профком»  сынагынын жыйынтыгы менен  акчалай сыйлык, Арча- Булак негизги мектебинин башталгыч класс мугалими Гүлгаакы Ашиева  Билим, илим министрлигинин Ардак грамотасы, Б. Арзиева  атындагы  бала бакчасынын директору Телегей Жусуева «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен  жана Кадырмамат  уулу Абдыразак атындагы  лицей – интернатынын директору Талант Калдыбаев Билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин  Ардак грамотасы менен  сыйланышты.

         Республикалык  маанидеги  сыйлыктарды  профсоюз мүчөлөрүнө  берүүдө Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитетинин  төрагасы А. Т. Токтогуловдун- сиздин  жана сиз жетектеген жамааттын эмгегиӊиздер зор экендигин түшүнөбүз.

         Андыктан,  Алай районундагы профсоюз мүчөлөрү ыраазычылык билдирүү менен ишиниздерге ийгилик, өзүӊүздөргө чыӊ ден- соолук каалайбыз.

 

Сиздерди тереӊ   урматтоо менен,

 

Билим берүү кызматкерлеринин

Алай райондук профсоюз

комитетинин төрагасы:                  Адыкадыров Акылбек Кунаевич