Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык комитет – Жалпак-Ташта

    2017- жылдын  6-июнь күнү Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев  жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И. Мырзамидинов жолдоштор Өзгөн районундагы Аюу, Жаӊгакты, Курбу-Таш, айылдарындагы жер көчкүдөн  жабыр тарткан билим берүү кызматкерлери менен жеринде жолугуп пикир алышты. Табигый кырсыктан 18 билим берүү кызматкерлери өздөрүнүн үй-жайы, короо-сарайынан толук ажырашкан. Кыргыз эли мындан да оор мезгилдерди башынан өткөргөнүн айтып жабыркагандардын  көӊүлүн көтөрүп, жылуу сөздөрүн айтышты. Ошондой эле областтык профсоюз комитети тарабынан жер көчкүдөн үй-жайынан ажыраган үй-бүлөлөргө акчалай материалдык жардам көрсөттү. Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн атынан Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаты жана  К.Калмурзаев атындагы орто мектептин директору М.Калдыбаевалар сөз сүйлөп, областтык жана райондук профсоюз комитеттерине өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.    

 

             Өзгөн РПКнын

                   кызматкери                     А. Бөлөкбаев.