Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык спартакиада жогорку деңгээлде өткөрүлдү

2021-жылдын 8-июнунда Баткен областындагы билим берүү кызматкерлерине спорттун 7 түрү боюнча областтык спартакиада Баткен шаарында өткөрүлдү.

Спартакиаданы Баткен областтык жаштар иштери жана дене тарбия спорт башкармалыгы, Баткен областтык билим берүү усулдук борбору, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан уюштурулуп, спартакиаданын ачылышында КРнын министрлер кабинетинин Баткен областындагы өкүлү А.Алимбаев сөз сүйлөп, спартакиаданын катышуучуларына ийигилик каалады.

Төмөнкүдөй спорттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдешишти:
1. Кичи футбол
2. Волейболь  (эркектер жана аялдар арасында)
3. Стритбол
4. Стол үстүнөгү теннис (эркектер жана аялдар арасында)
5. Шахмат (эркектер жана аялдар арасында)
6. Тогуз коргоол (эркектер жана аялдар арасында)
7. Ордо оюну

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын адиси К.Акимов