Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык семинар

Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  Ош обласстык комитети  Ноокат районунун  А. Чынгараев атындагы  жана  Кожоке  орто мектептеринде кесиптик бирликтин маселелерине байланыштуу семинар өткөрдү. Семинарга кесиптик бирликтин райондук, шаардык комиттеринин торагалары, кызматкерлери жана мектеп директорлору катышты. Семинардын жүрүшүндө окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу, аны жогорку деӊгээлде өткөрүү маселеси талкууланды жана конкретүү иш чаралар белгиленди. Иштиктүү пикир алышуулар болду, жөндүү сунуштар айтылды.

         Ошондой эле семинарда кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарында  иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүү жана уюштуруу, аны жакшыртуу маселеси да каралды. Семинардын акыркы  бөлүгүндө окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруунун практикалык жагы да көрсөтүлдү. Күндүз гана иштөөчү  лагерлердин бир күндүк ишинин тартиби, өткөрүүлүчү иш-чаралары кыскача фрагменттик көрүнүштөр жана окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыгы менен коштолду. Семинар уюшкандыкта, өз деӊгээлинде болуп өттү.    

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети