Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан “Жалпы билим берүүчү мектептердеги материалдык-техниалык базаны чыңдоодо тышкы инвестициянын ролу” аттуу областтык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция жана семинарлар Базар-Коргон районунун Ө.Атабекова атындагы №30 инновациялык гимназия мектебинде, Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебинде жана Б.Осмонов атындагы №6 гимназия мектептеринде өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республиасынын Министрлер кабинетинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Э.Борубаев, Жалал-Абад областтык метод борборунун башчысы А.Токтосунов, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  Базар-Коргон райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, метод кабинеттердин жетекчилери, мектеп директорлору катышты.

Конференциянын максаты: райондогу билим берүү тармагында алгылыктуу иштер боюнча маалымат менен камсыз кылып, мектептердин материалдык-техниалык базасын чыңдоодо тышкы инвестицияны тартуу жолдору боюнча иш-тажрыйба жайылтуу аркылуу иш-аракеттерди күчөтүү.

Конференция жана семинардын катышуучулары Базар-Коргон районундагы мектептердин тышкы инвестицияны тартуу, заманбап технологиялык усулдарды пайдалануу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча маалыматтарды алышып, билим берүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдонуу боюнча иш-тажрыйбалары менен алмашышты.

Ошондой эле Базар-Коргон районундагы билим берүү тармагында жетишкендиктер, анын ичинде  алдынкы мектептерде болуп жаткан иштер, көмөкчү чарбалар менен да таанышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов