Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтар аралык тажрыйба алмашуу

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети 2022-жылда профсоюздук ишмердүүлүктө профсоюздук активтерди жана мүчөлөрдү окуутуга өгөчө маани берип, атайын республикалык кароо-сынак жарыялаган. Профсоюздук ишмердүүлүктө тажрыйбаларды үйрөнүү жана алмашуу ыкмасы менен окутуунун да салмактуу орду бар.

Жалал-Абад обкомунун жалпы иш планына ылайык 2022-жылдын 11-ноябрында Ош обкомунун иш тажрыйбасын үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу максатында обкомдун төрагасы А.А.Исмаилов, Ноокен райкомунун төрагасы К.К.Нышанов, Базар-Коргон райкомунун төрагасы С.С.Жаркынбаев Ош областында иш сапары менен болушту.

Ош обкомунун төрагасы С.А.Тойгонбаев областта аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди. Делегация обкомдун жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты жана суроолоруна тийиштүү жоопторду алышты.

Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов Ош обкомунун иштерине ийгиликтерди каалап, ушундай иш-чараларды системалуу райшааркомдор арасында да улантуу сунуштады.

Делегация иш тажрыйба алмашуу – усулдук күндү уюштурган обкомдордун төрагаларына ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров