Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун алгачкы президиуму уюшкандыкта өткөрүлдү

2019-жылдын 10-январында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиуму өткөрүлдү.

Президиумдун ишине мүчөлөрдөн тышкары бардык райшааркомдордун төрагалары жана каралуучу маселелерге тиешелүү адамдар чакырылды.

Аны обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, күн тартибине сунуш кылынган маселелер менен тааныштырды.

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун 2020-жыл үчүн графикалык иш планын бекитүү жөнүндө.
  2. «2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» кароо-сынагынын облустук турунун жыйынтыгы жөнүндө.
  3. Илим-изилдөө медициналык-социалдык институтунун профсоюздук уюмун обкомдун тейлөөсүнө алуу жөнүндө.
  4. Санаторийлерге эс алуу үйлөрүнө жана пансионаттарга 2020-жылга жолдомолорду бөлүштүрүү жөнүндө.
  5. Ар түрдүү маселелер.

 

2020-жылга обкомдун графикалык планынын долбоору бардык райшааркомдорго жана баштапкы уюмдарга 1 ай мурда жеткирилген. Ошондуктан жетекчилер иш план боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин даярдап келишкен.

Алгач сөз алган билим берүү жана илим кызматкерлеринин Токтогул райондук комитетинин төрагасы Т.Исраилов жыл ичинде райшааркомдор арасында өз ара тажрыйбасын үйрөнүү ишке пайда бере тургандыгын белгиледи.

Ушундай эле жакшы ой-пикирлерди профсоюздун Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, профсоюздун Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиевдер ортого салышты.

Калган маселелер боюнча профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, профсоюздун Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуева, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профкомунун төрагасы К.Болотбеков, обкомдун уюштуруучу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, обкомдун инспектору А.Айдаров, обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов өз ойлорун билдиришти.

2019-жылдагы кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан профсоюздун Ноокен райкому (төрагасы К.Нышанов), профсоюздун Сузак райкому (төрагасы А.Орозалиев), профсоюздун Токтогул райкому (Т.Исраилов) обкомдун дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Ушул эле жетекчилерге Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2019-жылдын 20-декабрында өткөрүлгөн президиумдун токтому менен ыйгарылган сыйлактарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов тапшырды.

«Өзгөчө маалыматтык иштер» номинациясы боюнча обкомдун эмгекти коргоо, укук жана техникалык инспектору Айдаров Абдираим Чоъахуновичге, профсоюздун Ноокен райкомунун инспектору Бакиров Тилек Маматжановичге сертификат жана Борбордук Комитеттин эстелик кол сааттары тапшырылды.

2019-жылда өткөрүлгөн отчеттук-шайлоо конференцияларында кайра шайланган профсоюздун Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиевге (БКнын президиумунун токтому менен «Жылдын Бакайы» ардак наамы), профсоюздун Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуева, профсоюздун Көк-Жаъгак шааркомунун төрайымы Ж.Рысмамбетовага обкомдун куттуктоосу жана белектери тапшырылды.

Обкомдун президиуму күн тартибинде каралган бардык маселелр боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл алды.

Президиумдун ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.

 

Обкомдун уюштууру бөлүмүнүн башчысы

А.Бегматов