Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун адындагы жайкы эс алууну уюштуруу штабынын отуруму

2018-жылдын 20-майында Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзуннун Жалал-Абад  обкомунун  алдында  түзүлгөн  жайкы эс алууну уюштуруу штабинин отуруму болуп өттү.

Отурумга штабдын мүчолөрү , Жалал-Абад  шаарынын “Алтын балалык, Сузак районунун “Арууке”, “Жылан-Темир”, Базар-Коргон районунун “Достук”, Ноокен районунун “Алаш-Ата”, Аксы районунун “Сары-Челек”, Чаткал районунун “Орленок” балдардын эс алуу борборлорунун директорлору катышышты.

Кеңешмеде обкомдун төрагасы А.Исмаилов билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунда реформалар башталып, балдардын  жайкы эс алуусунун каражаттарын Борбордук Комитет өзүнүн жетекчилигине жана көзөмөлүнө алгандыгы бул иштерди уюштурууда бир топ жаңылыктар бар экендигин белгиледи.

Балдардын эс алуу борборлорунун директорлорунун алдындагы милдеттерге кеңри токтолду.

Директорлор тарабынан койгойлүү маселелер, биргеликте чечүүлүүчү иштер, аткарылуучу иш-чаралар айтылды.

Жыйынтыгында  обком менен директорлор ортосунда “Жайкы эс алууну уюштурууну иш-чаралары” боюнча келишимдер түзүлдү.

Материалды даярдаган: А.Айдаров-обкомдун инспектору.