Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы»

    Кадамжай районунда 30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 90 жылдык юбилейи жана өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамына  карата иш чара болуп өттү. Бул иш чара Кадамжай шаардык маданият үйүндө болуп ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.Исаков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Лейлек, Баткен шаарларынын мээрлери, райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп жетекчилери, мугалимдери, өнөр жай жана мекеме иш каналардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш чара тамак-аш көргөзмөсү менен коштолуп, келген мектеп мугалимдериш чарага катышышты.  Иш чара концерттик программа менен уланып катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.