Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер сыйланды

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан 2021-жылдын 8-апрелинде Баткен шаарында жайгашкан областтык гимназия жатак-мектебинин, предметтик олимпиаданын областтык турунда мыкты жыйынтык көрсөткөн окуучулардын даярдаган мугалимдерине дем куч берүү жана материалдык моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 9 мугалимге областтык комитеттин сыйлыктары тапшырылды.

Мындан тышкары областтык гимназия мектебинин камкорчулар кенеши тарабынан да олимпиаданын жыйынытыгына жараша мугалимдерге жана окуучуларга сыйлыктар уюштурулган.

Бул иш-чара жыл сайын олимпиаданын областтык турунун жыйынтыгы боюнча өткөрүлүп келет жана областтык комитет тарабынан мугалимдерге өз колдоолорун көрсөтүп дем берип келүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгында мугалимдер жамааты профсоюздун колдоосуна ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Баткен облпроф комитетинин адиси К. Акимов